Жеке нота деген не

Жеке нота деген не

Жусубакунова Н.О.

КРнын Тышкы иштер министрлигинин

Мамлекеттик тил секторунун башкы адиси

«Элчилердин согуш кемелери, оор артиллериясы, сепилдери болбойт. Алардын согуш куралы – таамай сөз жана жагымдуу мүмкүнчүлүктөр»Демосфен.

Дипломатия – бул эл аралык пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүү искусствосу. Дипломатия –эл аралык мамилеге таасир этүүчү техника жана чеберчилик, ошондой эле аныкталган бир эрежелерге жана салттарга баш иет.

Дипломатиянын тили – бул эки түрдүү түшүнүктү билдирүү үчүн колдонулган айтылыштар жана терминдер. Биринчиден, бул расмий дипломатиялык мамилелер жүргүзүлүп, эл аралык келишимдер түзүлгөн тил. Экинчиден, бул жалпы кабыл алынган дипломатиялык сөздүктү түзгөн атайын терминдер менен фразалардын жыйындысы.

Ч X.Вильднер «Дипломатиянын техникасы» деген китебинде төмөнкүлөрдү жазат: «Дипломатиялык стиль-баарынан мурда жөнөкөйлүгү жана түшүнүктүүлүгү менен айырмаланышы зарыл; сөздүн ушул абалына бирден-бир ыңгайлуу ар бир предмет үчүн жөнөкөйлүүлүктүн классикалык формасын тандай билүү». Демек дипломатия жаатында тил өзгөчө роль ойнойт.

Дипломаттарга коюлган кесиптик талаптардын бири – көрөгөчтүк, чечендик, маектешинин ишенимине бат кирип, аны ынандыра алуу, тил табышуу ж.б.

Эл аралык конференцияларга жана сүйлөшүүлөргө, расмий кабыл алууларга жана салтанаттуу кечелерге катышуудан сырткары дипломаттарга жүктөлгөн жоопкерчиликтүү милдеттер бар. Алардын бири дипломатиялык документтерди түзүү.

Дипломатиялык кат алышуу — тышкы саясатта максаттарды жана тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттин дипломатиялык ишиндеги негизги формалардын бири болуп эсептелет.

Эл аралык практикада дипломатиялык кат алышуунун төмөнкүдөй 4 түрү кеңири колдонулат:

Жеке нота 1-жакта жекеликсандажазылат. Жеке нота кайрылуу менен башталып, сылык формула менен бүтөт (комплимент айтуу менен) жана кол коюлат.

Вербалдык нота дипломатиялык кат алышууда эң кеңири таралган документ. 3-жакта жазылып, сылык формула менен башталат жана аяктайт. Ошондой эле кол коюлбайт. Вербалдык нота деген сөз айкашы латын сөзүнөн алынган,verbalisоозеки дегенди,ал эми nōta–белги дегендибилдирет.

Эскертме жазуу. Дипломатиялык практикада эскертме жазуунун эки түрү кеңири колдонулат: а) жеке тапшырылган, б) курьер аркылуу жиберилген.

Эскертме жазууну берүүдөгү башкы максат – иштин андан ары жылышын жеңилдетүү жана маекти же оозеки билдирүүнү туура эмес түшүнүүнү жана талкуулоону алдын алуу болуп эсептелет.

Меморандум өз алдынча документ болот, ошондой эле нотага тиркелиши мүмкүн.

Меморандумдун өзгөчөлүгү – тигил же бул маселени иш жүзүндө же юридикалык жактан толугу менен баяндоо. Нотадан айырмасы сылык формадагы сүйлөм менен башталып, сылык формадагы сүйлөм менен аяктабайт. Ошондой эле бул документке кол коюлат. Меморандумда тараптардын кызматташуу чөйрөсү ар бири өзүнчө баяндалат. Мисалы: Билим берүү чөйрөсүндө, соода жана экономика чөйрөсүндө, саясий чөйрөдө, энергетика жана өнөр-жайы, транспорт жана коммуникация ж.б.

Дипломатиялык кат алышууда сөзсүз түрдө сылыктыкты жана тактыкты сактоо, дипломатиялык документ жөнөтүлүп жаткан өлкөнүн аброюна шек келтирген сөздөрдү айтуудан кармануу талабы коюлат.

Дипломатиялык документ тышкы саясатты жүргүзүүдө өтө маанилүү роль ойнойт. Андыктан дипломатиялык документтерди даярдоодо өтө кылдаттык жана чеберчилик талап кылынат.

Дипломатиялыкдокументтер – булар расмий документтер, «мамлекеттик кагаздар». Дипломатиялык документтердин тили үчүн эң маанилүүсү тигил же бул маселе боюнча мамлекеттин позициясын так чагылдыруу, даана көрсөтүү.

Дипломатиялык тилдин өзгөчөлүгүнө токтолсок, анын лексикалык өзгөчөлүгү тууралуу айта кетүү зарыл. Дипломатиянын лексикону үчүн эл аралык дипломатиялык терминологияны жана эл аралык укуктун терминологиясын, негизинен француз жана латын тилинен алынган дипломатиялык терминдерди колдонуу мүнөздүү. Мисалы: консул, конвенция, атташе, демарш, коммюнике [7, 104-б]. Латын тилиндеги persona поn grata, status quo, право veto деген сыяктуу дипломатиялык терминдер, ал эми кыргыз тилиндеги элчилик, элчи, кеңешчи, ишинде ишеним көрсөтүлгөн деген сыяктуу сөздөр активдүү колдонулат. Орто кылымда дипломатиянын тили латын тили, кийинчерээк француз тили болуп эсептелген. Андыктан француз жана латын тилиндеги дипломатиялык терминдер өтө көп кездешет.

Дипломатиялык тексттер белгилүү бир ченемде дипломатия менен гана байланышкан стилистикалык сөздөрдүн сөз айкаштарынын колдонулушу менен айырмаланат. Мисалы: протокол-эл аралык баарлашууда жалпы таанылган эрежелердин жыйындысы, тараптар — сүйлөшүүгө катышып жаткан мамлекеттер.

Дипломатиялык документтерде улуу урматтуу, улуу мартабалуу, улуу даражалуу, айым, мырза деген сылык формадагы сөздөр көп колдонулат. Мисалы: Улуу мартабалуу Джордж мырза, Улуу даражалуу Елена айым.

комплименттик лексика — дипломатиялык сылыктыктын протоколдук расмий формуласы: ыраазычылыгымды билдирем, өз урматын дагы бир жолу ырастайт, өз урматын билдирүү менен бирге, өтүнөт, терең урматын билдирет ж.б. Протоколдук расмий формулалардын көбү эл аралык мүнөзгө ээ.

Комплимент искусствосу дипломатиянын тилинде өзгөчө актуалдуулукка жана мааниге ээ. Комплимент, мактоо, суктануу – мунун баары эл аралык мамилени бекемдөөнүн ыкмалары. Мисалы: Сиздин жеке катышууңуз менен биздин элдердин ортосундагы дипломатиялык кызматташтык мындан ары да бекемделет деп ишенем.

Дипломатиялык документтердин дагы бир стилдик өзгөчөлүгү, ишенем, ишенимдүү, ийгиликтүү, өнүгүү, гүлдөп-өсүүнү, достук, бир тууган, боордош, терең, өз ара, карым-катыш, мамиле, өнөктөштүк, канааттануу менен белгилейм ж.б. сөздөрдүн туруктуу колдонулушу. Мисалы: Биздин мамилелер эки элдин жыргалчылыгы үчүн өнүгө берет деп ишенем/ишенимдүү айта алам, мамлекеттик ишиңизге ийгилик каалайм, ал эми боордош казак элине гүлдөп-өсүүнү/өнүгүүнү каалайм, биздин элдердин ортосундагы өз ара/достук мамилелерди бекемдөөгө салым кошосуз деп ишенем, бул жолугушууда Сиз менен болгон жылуу баарлашууну канааттануу менен белгилейм.

Дипломатиялык терминдердин кыргыз тилинде пайда болушу тууралуу кеп кылсак, учурда расмий дипломатиялык мамилелерди жүргүзүү жана эл аралык келишимдерди түзүү үчүн милдеттүү бирдиктүү тил жок (мурун француз тили үстөмдүк кылчу). Акырындык менен бардык тилдерди тең укуктуу колдонуу принциби бекитилди. Көпчүлүк учурда эл аралык мамиле чөйрөсүндөгү тийиштүү мамлекеттик органдар расмий кат алышууларды, өзгөчө дипломатиялык документтерди өздөрүнүн улуттук тилинде жүргүзүшөт. Ошондой эле, кыргыз дипломатиясы дагы азыр активдүү түрдө мамлекеттик тилди колдонууда жана өнүктүрүүдө.

Тактап айтсак, эл аралык мамилелердин өсүп – өнүгүүсү менен кыргыз тилинде да жаңы сөздөр, сөз айкаштар жана терминдер пайда боло баштаган. Бул процесс, айрыкча эгемендүүлүктү алгандан кийин алга жыла баштаган. Чет тилдерден көптөгөн саясий, дипломатиялык терминдер, сөздөр кабыл алынып тилдин ички ресурстарын пайдалануу жолу менен көбөйгөн. Ошентип кыргыз дипломатиясынын өнүгүшүнүн жаңы этабы башталган. Тышкы булактардан калькалоо, түздөн-түз которуу же чет тилдерден кабыл алуу жолу менен адабий тилде жаңы дипломатиялык, саясий терминдер, жаңы түшүнүктөр колдонула баштаган. Кыргыз тилинин тышкы саясий жана дипломатиялык лексикасынын катарын төмөндөгүдөй сөздөр, сөз айкаштары жана терминдер толуктаган:Жеке нота, вербалдык нота, коммюнике, меморандум, декларация, дипломат, консул, виза, квота, консул, атташе, конвенция, палата, валюта, вексель, эмигрант, иммигрант, экстрадиция, персона грата, персона нон грата ж.б.

Булар кыргыз тилине которгондо маанисин жоготот жана майдаланып кетет. Андыктан чет тилдерден кирген жаңы сөздөр катары, которулбай эле дипломатия жаатында кеңири колдонулуп келе жатат. Аларды чечмелеп өтсөк:

Коммюнике – бул документ мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, эл аралык саммитер тууралуу расмий маалымдоодо колдонулат. Латын сөзүнөн “communication” же француз сөзүнөн “communiqué” алынган «маалымдайм, жиберем» дегенди билдирет;

Декларация — мамлекеттин ички же тышкы саясатынын принциптерине таянган, эл аралык уюмдардын ишине негизделген же кандайдыр бир маселелер боюнча алардын оюн билдирген расмий мамлекеттик документ. Декларацияdeclaration,француз сөзүнөн алынган, кыргызча арыз дегенди билдирет;

Дипломат – эл аралык укукта мамлекеттин же ыйгарым укуктуу эл аралык уюмдун кызыкчылыгын көрсөтүүчү расмий жак.Байыркы грек тилинен алынган,δίπλωμαэкөөнү бириктирүчү деген маанини түшүндүрөт;

Консул – консулдук милдеттерин барган өлкөсүндө, өзүнө тийиштүү консулдук аймакта өз өлкөсүнүн жана анын жарандарынын юридикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргогон кызматтык жак, латынча consul– кыргызча кызматтык жак деген маанини туюнтат;

Виза — чек араны кесип өтүүгө укук берүүчү уруксат документ. Латын тилинде viso – катышуу дегенди билдирет;

Атташе – кенже дипломатиялык ранг. Француз тилинде attaché – тиркеме дегенди билдирет;

Квота – макулдашуулардын жана келишимдердин алкагында кандайдыр бир нерсеге уруксат берүү. Латынча quota– кыргызча ченем, энчи, бөлүк деген маанини берет;

Экстрадиция — кылмыштуулуккакаршыкүрөшүүдөмамлекеттердин эл аралыккызматташтыкформасы,латынсөзүнөнех — «бир жерден чыгаруу», «сыртка» жана traditio — «берүү»дегенди түшүндүрөт;

Иммигрант — башка бир мамлекеттин аймагына иштөө үчүн узак мөөнөткө чыккан бир мамлекеттин жарандары, латынчадан алганда immigrans, ntis — «жайгашкан»;

Эмигрант — өзөлкөсүнөн башка өлкөгө туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен жарандар, латынчадан emigrans, ntis — «чыгыпкеткен»;

Вексель — орнотулган форма боюнча таризделген баалуу кагаз, немисчеден алганда Wechsel – баалуу кагаз;

Валю́та – итальянча valuta бардык товар деген маанини билдирет;

Персона грата – элчиге ишеним грамотасы жана консулга экзекватура берилгенде персона грата деп эсептелет, латын тилинде persona grata-каалаган жак;

Персона нон грата – барган өлкөсү кабыл албаса, ал кайра келген өлкөсүнө кетүүгө тийиш, латын тилинде persona поn grata-каалабаган жак.

Жогоруда белгилүү болгондой, кыргыз тилинде дипломатиялык терминдер латын, грек жана француз тилдеринен кирген да, ички ресурстарга ылайыкташып, мүчөлөрдүн уланышы менен активдүү колдонула баштаган. Мындан сырткары дипломатия жаатында калькалоо жолу аркылуу кабылалынган сөздөр да бар. Калькалар толук жана жарым — жартылай калька болуп бөлүнөт. Толук калькалоодо сөздөр толук которулат. Мисалы, внешняя политика – тышкы саясат, внутренняя политика – ички саясат, ал эми жарым – жартылай калькаларда терминдердин биринчиси которулбайт да, экинчиси которулат. Мисалы, демографическая политика – демографиялык саясат, консульское учреждение – консулдук мекеме, дипломатическое представительство – дипломатиялык өкүлчүлүк ж.б. Ошондой эле, орус тилиндеги — анти,меж,при префикстеринин калькаланышынан улам -каршы, -аралык, — караштуу деген сөздөр да дипломатия жаатында көп колдонулат. Мисалы: ведомство аралык, эл аралык уюмдарга караштуу, улут аралык жана башка ушу сыяктуу сөздөр. Ал эми айрым дипломатиялык терминдер жана сөз айкаштары экөө тең которулбаган формасында кыргыз тилинин грамматикасына ылайык мүчөлөрдүн уланышы менен колдонулат. Мисалы: консулдук агент, дипломатиялык акт, консулдук корпус, дипломатиялык ранг ж.б.у.с.

Кыргыз тилиндеги коомдук – саясий лексика трансноминация жолу менен да байып келүүдө. Трансноминация – бул башка тилден кирген сөздөрдүн башка сөздөр менен берилиши. Мисалы: депутат – эл өкүлү, конституция – баш мыйзам ж.б. Бул жерде сөздөр которулган жок, жөн гана синонимдери берилди.

Бирок дипломатиялык терминдери колдонууда көйгөйлөр жаралбай койбойт. Эл аралык уюмдар менен активдүү иштешебиз. Ушул жерден Европа союзу деген аталышты тактоо зарылдыгы жаралып жатат. Анткени Европа биримдиги, Европа бирлиги, Европа союзу деп ар кандай колдонулуп жаткандыктан, бул сөздөрдүн кайсынысы туура, кайсынысын колдонуубуз зарыл. Учурда биз Европа биримдигин колдонобуз. Бирок Европа союзу деп калтырууну сунуштайт элек.

Дипломатия тармагында көп колдонулган сөз кызыктар/заинтересованный деген сөз. Мисалы: кызыктар тараптар/кызыктар министрликтер жана ведомстволор. Учурда бул сөздү кызыгдар деп да жазышат. Светский/светтик, холодная война/кансыз согуш, совещание/кеңешме/жыйын, отгул/эс алуу/өргүмө, трудовой отпуск/эмгек өргүүсү, Таможенный союз/Бажы бирлиги/Бажы биримдиги деген сыяктуу терминдер бүгүнкү күндө тактоону талап кылат. Мындан сырткары петиция/өтүнүч, джордж младший/джордж кичүүсү/ кичүү джордж/кенже джордж, посланник/кичи элчи/өкүл, великий/улуу, старший дипломат/улуу/улук, полевой офицер/талаа офицери, специалист по цифровому контенту/цифралык контент боюнча адис, коммерческий менеджер управления по строительству и эксплуатационной службы/курулуш жана эксплуатациялык кызмат боюнча башкармалыктын коммерциялык менеджери ж.б.

Источник

Верительная грамота

Кому (полное имя и титул главы государства)

Я назначил (ФИО), выдающегося гражданина (название государства-отправителя), представлять меня перед Вашим Правительством в качестве Чрезвычайного и Полномочного Посла (название государства-отправителя).

Он хорошо осознает взаимные интересы наших двух стран и разделяет мое искреннее желание сохранять и укреплять долгую дружбу между нами.

Моя убежденность в его высокой репутации и способностях дает мне полную уверенность в том, что он будет исполнять свои обязанности таким способом, который будет полностью приемлем для Вас. Имею честь рекомендоватьего Вам и прошу Вас принять его благосклонно и относиться с полной верой ко всему, что будет сказано им от лица (название страны-отправителя), равно как и его уверениям в моих лучших пожеланиях процветания (название принимающей страны).

(подпись главы государства)

Керекті сөздер:

3-тапсырма.Мәтінді оқыңыз. Етістіктердің қандай тұлғада қолданылғанына назар аударыңыз.

Интернет көздерінен келесі сұрақтарға кеңейтілген жауап жазыңыз:

1. Сенім грамотасы қай кезде және кім береді?

2. Сенім грамотасын кімдерге береді?

3. Сенім грамтотасын не үшін береді?

4. Сенім грамотасы қай кезде күшін жояды? Және ол кезде қандай ресми дипломатиялық құжат қолданылады?

5. Сенім грамотасы тапсырылған адамға қандай құқықтар беріледі, ал қандай құқықтар берілмейді?

6. Дипломатиялық нота дегеніміз не және ол қандай мақсаттарда жазылады?

7. Дипломатиялық нота қай жақта жазылады?

8. Жоғарыдағы құттықтау нотасы қандай мақсатта жазылған?

9. Құттықтау нотасына қандай тілдік белгілер тән?

ЕСКЕРІҢІЗ!

Сенім грамоталары – тұлғаның басқа елге дипломатиялық өкіл болып тағайындалғандығын куәландыратын құжат, тағайындалған елдің мемлекет басшысына тапсырылады. Елшілерге, уәкілдерге және арнаулы (төтенше) делегация басшыларына беріледі. Сенім грамоталары дипломатиялық өкілді аккредитациялауды жүзеге асыратын құжат. Дипломатиялық нота – халықаралық құқықтағы дипломатиялық хат алмасу құжатының түрі. Дипломатиялық нота – бір мемлекеттің үкіметі атынан екінші елдің үкіметіне дипломатиялық ресми жолдауы. Ол вербалды және жеке болып бөлінеді. Вербалды нота үшінші жақта жазылады. Жеке нота әдетте маңызды қағидатты мәні бар мәселелерге қатысты немесе болып жатқан елдегі дипломатиялық протоколдың бекітілген талаптарына сәйкес белгілі бір оқиға туралы ресми ақпарат немесе жеке нотаға жауап ретінде жазылады. Әдетте жеке және вербалды ноталарда жазылатын мәселелер нақты реттелмейді.

4-тапсырма. Дипломатиялық нотаның келесі үлгісін оқыңыз. Ерекше берілген сөздердің аудармасын жазыңыз. Қажет болса, редакциялаңыз.

(Жапон тарапының нотасы)

Жоғары мәртебелі, Қасым-Жомарт Тоқаев мырза!

«Республика Сарайына дыбыстық құрал-жабдықтар жеткізу» жобасына қатысты Қазақстан Республикасы Үкіметі мен Жапон Үкіметі өкілдері арасында жүргізілген жуырдағы келіссөздерге назар аударуға және Жапон Үкіметінің атынан мынадай уағдаластықтарды ұсынуға рұқсат етіңіз:

1.Қазақстан Республикасындағы мәдени қызметтің дамуына ықпал ету мақсатында Жапон Үкіметі Жапонияның қолданыстағы заңдары мен нормативтік актілеріне сәйкес Қазақстан Республикасының Үкіметіне қырық тоғыз миллион сегіз жүз мың жапон йені мөршерінде грант бөледі.

2. Қазақстан Республикасының Үкіметімен немесе оның уәкілетті органымен анықталған Жапон банкінде Қазақстан Республикасы Үкіметінің атына тек қана Грантты іске асыру мақсатында пайдаланатын банктік шот ашады.

5. Қазақстан Республикасының Үкіметі мыналар бойынша шаралар қабылдайды:

(а) Қазақстан Республикасының аумағында Грант бойынша сатып алынған Құрал-жабдықтарды уақытылы кедендік рәсімдеуді, ішкі тасымалдауды қамтамасыз ету;

(б) жапон ғалымдарын Грант шеңберіндегі тауарлар мен қызметтерді жеткізуге қатысты Қазақстан Республикасында алынатын кеден бажының төлемдерінен, елдің ішкі салықтарынан және өзге де қаржылық алымдарынан босату;

(в) құрал-жабдықтарды тиесілі және тиімді пайдалану;

(г) грант есебінен сатып алынған құрал-жабдықтар Қазақстан Республикасынан тысқары кері экспортқа шығарылмайды.

6. Екі Үкімет жоғарыда аталған уағдаластықтардан туындайтын немесе оларға байланысты кез келген мәселені қарау кезінде бір-бірінен консультация алады.

Міне, сондай-ақ Қазақстан Республикасының Үкіметіне қатысты жоғарыда баяндалғандарды растайтын осы нота мен Жоғары мәртебеңіздің нота жауабы Жапония Үкіметі Қазақстан тарабы осы Келісім күшіне енуі қажетті мемлекетішілік рәсімдерді орындағаны туралы жазбаша хабарлама алған күннен бастап күшіне енетін екі Үкіметтің арасындағы Келісім болып саналуын ұсыну құрметіне ие болып отырмын.

Осы жағдайды пайдаланып, Жоғары мәртебеңізге зор ықыласымды білдіремін.

Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Студалл.Орг (0.005 сек.)

Источник

Читайте также:  Аккорд сняли с производства
Оцените статью